Парламент Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Эмил Осмонбетовдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш бүгүн, 19-сентябрда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Эмил Осмонбетовдун талапкерлигин колдоду.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Осмонбетовдун талапкерлигине 108 депутат "макул" деп добуш берсе, 3 депутат "каршы" добуш берген.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Уланбек Рыскулов 7-сентябрда кызматынан бошотулган.

Осмонбетов буга чейин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеп келген. "Кыргызалтын" ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан