Жогорку Сот автоматташтырылган маалыматтык системин сыноого киргизди. Бул сот системин жакшыртууга багытталган. Анда соттук иштерди кароодо автоматтык түрдө бөлүштүрүү, жараянды уюштурууну техникалык жактан камсыз кылуу жана соттук актыларды Интернет-сайттарга жайгаштыруу сыяктуу иштер аткарылат.
Бирок азырынча долбоор Свердлов, Аламүдүн жана Бишкектин райондор аралык сотунда гана сыноодон өтүп жатат. Сыноо ийгиликтүү жыйынтыкталса, жалпы соттордо иштеп баштайт. Маалым болгондой, аны райондук, облустук, шаардык жана Жогорку Соттун судьялары, төрагасы жана анын орун басарлары жана башка кызматкерлери гана колдоно алат. Тактап айтканда, сырттан жарандар кире албайт. Бул сот системиндеги коопсуздукту камсыз кылуу багытын көздөйт. Бул системдин ишке ашуусу сот тармагында иштегендердин убактысын жана каржылык чыгымдарды кыскартууга алып келе турганы айтылды.