АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү жаңы элчиси: "Айкөл Манастын жерине кайтып келүү – мен жана үй-бүлөм үчүн сыймык"

“Айкөл Манастын жерине кайтып келүү – мен жана үй-бүлөм үчүн сыймык” деп АКШнын Кыргыз өлкөсүнө жаңы дайындалган элчиси Дональд Лу кыргыз элине салам жолдоду. Элчиликтин интернеттеги расмий баракчасына жарыяланган видеодон жаңы элчинин кыргыз тилинде сүйлөгөнүн көрүүгө болот.

Ал өз сөзүндө Кыргыз жергеси ага чоочун эмес экенин айтып, кайрадан келип жатканына кубанычта экенин билдирген.

“Саламатсыздарбы? Менин атым Дональд Лу. Мен АКШнын Кыргыз Республикасындагы жаңы элчисимин. Үй-бүлөм менен Бишкекке кайра келгениме абдан кубанычтамын. Кыргыз Республикасы жүрөгүбүздө өзгөчө орунду ээлеп келет. Биздин эсте каларлык саякатыбыз 14 жыл мурун Соң-Көлгө барганда болгон. Ошондо жол тандабас унааны айдап алып дүйнөдөгү эң татаал жолдордун бирин басып өткөм. Көлгө келгенимде көптөгөн кыргыздар үй-бүлөсү менен Жигули унаасын айдап келгендерин көрүп, абдан таң калгам. Жигулиси жаман жолдо тыгылып калганда алар баары биригип, унаасын чыгарып, эгер жүгү көп болсо башка жолоочуларды күтүшөт экен. Достук тар кыяда сыналат эмеспи. Кыргыздардын колунан баары келерине ошондо көзүм жетти. Жашоого “колумдан баары келет” деген мүнөздө караган эл экен.

Дүйнөдөгү эң кооз, тоолору атактуу, Көчмөндөр оюндары менен белгилүү болгон Айкөл Манастын жерине кайтып келүү – мен жана үй-бүлөм үчүн сыймык. Бишкектен көрүшкөнчө!” - деген ал.

Сентябрь айынын башында АКШнын Жогорку палатасы Дональд Лунун АКШнын Кыргыздагы элчиси кызматына талапкерлигин жактырган.

52 жаштагы Дональд Лу буга чейин Тынчтык корпусунун кызматкери катары Батыш Африкада иштеген. Ошондой эле АКШнын Индия, Пакистан, Грузия жана Азербайжандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп эмгектенген. Ал албан, орус, грузин, азербайжан, урду, хинди жана батыш африкалык крио тилдерин билет. Ал 2003-2006-жылдары Кыргыз өлкөсүндөгү АКШ элчисинин орун басары болуп иштеп кеткен.

Буга чейин АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Шейла Гуолтни болчу. Ал 2017-жылы мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткен.

АКШнын жаңы элчиси Дональд Лу: “Айкөл Манастын жерине кайтып келүү – мен жана үй-бүлөм үчүн сыймык”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adi.Avazbekov
2018-09-19 23:01:49
AKSHdan kelip english tilin bilbeibi
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан