Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы №162- маршруттук каттамдын айдоочусу улгайып калган аялды унаасы салбай кетип калгандыгы тууралуу маалымат тарап, кызуу талкууга алынган. Айдоочуга катуу эскертүү берилгенин жана ал жумуштан убактылуу четтетилгенин "Чыгыш экспресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Светлана Белан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган маалымат тараган соң айдоочу жана жетекчи Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт башкармалыгына чакыртылган.
"Аталган окуядан соң айдоочуну жана мени шаардык Транспорт башкармалыгынын жетекчиси Хасан Алимбеков чакырган. Сүйлөшүүдө айдоочу жетекчиликке түшүнүк кат жазып берди, а биз болсо алдыда мындай окуялар болбош үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилдик", - деп билдирди Белан.
Ошондой эле И.Ж. аттуу айдоочуга "Чыгыш экспресс" ЖЧКсынын жетекчилиги тарабынан катуу эскертүү берилип, ал жумуштан убактылуу четтетилген.