Шашылыш билдирүү! 21-сентябрдан 24-сентябрга чейин өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөп, жаан-чачын күтүлөт

Өлкөдө 21-сентябрдан 24-сентябрга чейин абанын температурасы төмөндөп, жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.

"20-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 21-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, ал эми 21-сентябрда күндүз жана 22-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jasi
2018-09-19 14:56:02
Ураа жамгыыр )
0
dastan_nookat
2018-09-20 09:02:12
Жамгыргы аябай сагындым го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан