"Белизден келди" делген жасалма документти жасап тараткандарга кылмыш иши козголушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.
"Башкы прокуратуранын өкүлүнө суроо берейин, Белизден келди делген документтер такталбаган болсо, анда ошол жасалма документти жасаган адамга такталбаган маалыматты таратканы үчүн жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча 3 берененин негизинде кылмыш иши козголушу керек.
Мындан тышкары КТРКга кайрылат элем. Алмамбет Шыкмаматовго, Аида Саляновага эфир беришиңер керек. ЭлТР деле силердей мамлекеттик канал, бирок силерчелик төмөн деңгээлге түшкөн жок", - деди Иманалиев.
Эске салсак, 2016-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын аты аталган.
Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында Шыкмаматов, Салянова, Текебаев "жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди" деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса, аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп анын ошол кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан. Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Бирок соттун чечимдери саясатчылардын пайдасына чыккан эмес.
14-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев Белиз өлкөсүнөн эч кандай документтер келген эмес деп билдирген.