Өзбекстанда октябрь айынан тарта дааратканаларды табууга жардам берген мобилдик тиркеме ишке кирет. Өзбек маалымат каражаттарынын жазганына ылайык, аталган тиркемени Өзбекстан мамлекеттик туризм комитети иштеп чыккан.
Белгилүү болгондой, мобилдик тиркеме UzFinder деп аталып, ал туристтерге эс алуучу жайларды жана жакын жерлердеги дааратканаларды карта аркылуу көрсөтүп турат. Мындай тиркеменин ишке киргени өлкөгө келген туристтерге абдан ыңгайлуу экенин иштеп чыгуучулар белгилеген. Октябрь айынан тарта ишке кире турган мобилдик тиркеме жаңы дааратканалардын, эс алуучу жайлардын курулушуна жараша жаңыланып турары жазылган маалыматта.