Москвадагы кырсыктан каза болгон жигиттин бөлөсү: "Биз жакыныбызды жоготтук, бирок шектүүгө күнөө арткан жокпуз"

9-сентябрдын таңында Москванын Марьино районундагы кырсыктан 21 жаштагы Аман аттуу жигит каза болгон. Каза болгон жарандын жакындары шектүүгө карата доо арыз жазбаганын SUPER.KG порталына маркумдун бөлөсү Алмаз Арыкбаев билдирди.

Алмаз Арыкбаев маркумга дайыма "түз жүр, этият бол, сак бол, бөтөн жерде жүрөсүң" деген кеңештерин айтып келген. Маркум спорт менен машыккан, оңго-солго баспаган бала экенин айтып буларга токтолду.

"Аман Орусияга иштейм деп келгенине 3 жылга чамалап калган. Бойго жеткен баланын жеке иштерине кийлигише ала албайт экенсиң. Бөлөм буга чейин эжеси менен чогуу жашачу, кийин жумушума жакын деп өзүнчө батирге көчүп кеткен. Бөлүнгөндөн 1 апта өткөндөн кийин, тагыраагы, 9-сентябрдагы кырсык болуп кетти. Окуяны видеодон көрдүм. Кырсыктын келип чыгышына эки жактын тең күнөөсү бар экен. Топ балдар жалгыз балага кол көтөрүп, ур-тепкиге алышыптыр. Сабалган Бекжан дагы ачуусу менен унаасын айдап кетиптир. Жабыркагандардын арасында бөлөм дагы болгон, бирок ал алган жаракатынан улам каза болду. Биз жакыныбызды жоготтук, ошентсе дагы шектүүнү жаман көрүп, ага күнөө арткан жокпуз. Бекжандын ата-энеси кечирим сурап, алдыбыздан өттү. Эки тарап бири-бирибизди түшүндүк. Кырсыкка шектүүнүн ата-энесине аябай боорум ооруйт. Кудайым алардын ишин жеңил кылсын. Уулу эртерээк аман-эсен чыгып, ата-энеси менен бирге болсун дейт элем. Бул сыноо", - деди Арыкбаев.

Маркумдун бөлөсү окуя болгондон кийин коомдо түрдүү кептер айтылганына зээни кейип төмөнкүлөргө токтолду.

"Кырсыктын келип чыгышы тууралуу коомдо ар кандай кептер айтылды. Бирок окуянын күбөсү болгон күндө дагы анын эмнеден келип чыкканын тактап, анан маалымат таратышса болмок. Айтылган кептер кырсыкка кабылгандарга, алардын жакындарына оор тийип жатат", - деди ал.

Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан келип чыкканын айткан. Ал эми кырсыкка шектүү 2 айга камакка алынган.

Москванын Марьино районундагы кырсыктан каза болгон жигиттин жакыны: “Бекжанга күнөө артпайбыз”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Pandora
2018-09-20 12:17:59
Кудайым ушундай тушуктуу жана сабырдуу адамдар кобойсун бул жалган дуйнодо.Ар ким деле тушуно албайт керек болсо оздору айыпттуу болуп,айыпсыздын бетин аймагандар толтура.
+30
bond02
2018-09-20 12:26:35
Озундун балан же бир тууганын болгондо корот элем ушинтип суйлогонунду.
-35
Abdizhapar
2018-09-20 12:30:40
Ошо эжесинен болунуп тундо кочодо журот да кафелеп бироонун жеринде жон журуш керек не болсо да жаткан жери жайлуу болсун
0
aydinnur
2018-09-20 13:18:00
Туура ,кыргызга гана таандык кечиримдүүлүк,айкөлдүктү көрсөткөн кеп болуптур..Калыс сөзүн айтыптыр!!
+22
Baku88
2018-09-20 13:52:59
Аллах сизден ыраазы болсун абдан түшүнүктүү инсан экенсиз
+23
Jasa
2018-09-20 14:51:43
Жакшы адамдар бар учун жашоо уланып жатат
+16
Atyrgul92
2018-09-20 14:54:06
Адам каза болгону окунучтуу бирок ошончо куйутуно карабай сабырдуу, кечиримдуу болгону чыныгы адамдык сапат!Эки тарапка тен сабырдуулук тилеймин!
+17
RusMos76
2018-09-20 15:24:43
Адамгерчили кучтуу адамдар экен, балан жаткан жери жайлуу болсун.
+6
Nursbaike
2018-09-20 15:45:31
Аллах ыраазы болсун ыймандуу уй булоо экен
+8
meni_kut
2018-09-20 16:17:43
Он адам бир адамды сабаганы учун да жооп береби?
+5
aman0296
2018-09-21 01:10:14
meni_kut,Топтошкан балдар сабаганын, Бекжан в состоянии аффекта болгонун жана 2 же андан коп адамдын омурун албагандыгы эске алынып женил жаза берилиши мумкун. Эгер психикалык жактан маселеси болсо, условныйга кесилиши да мумкун.
0
jojo89
2018-09-20 18:06:45
Азаматсыз сиздей кечиримдуу,сабырдуу,тушунуктуу инсандарга бай болсок дейм ...
+5
patiydin
2018-09-20 19:40:55
Мындай айколдук биргана Кыргызда бар. Ата теги коргон жердин перзенти экен. Баланардын жаткан жери жайлуу болсун. Аллах ыразы болсун.
+6
nur...nur.
2018-09-21 01:46:16
Чет жерде жургондо тынч эле журуш керек ашыкча кадам баспай коп баскан аяк ХХХХХ басат дейтго
+1
nurik838383
2018-09-21 10:17:23
Кафелерди жабыш керек, анан ырчылар да бул жака келгенинерди токтоткулачы,таң аткыча дискотека деп азгырбай
+3
Kroxa
2018-09-22 02:18:22
Деги эле..Бекжанды айтпайм,ал го кулагы уктаган аппарат менен жургон жайы бар ..Таксидеги балдар кооп кеткен Москвада кагып силкип одоно мамиле кылышат экен хотья мен да 5 жыл Москвада озумдун машинем менен журом за рулем.. аял башым менен..бирок баары орусу да башкасы да жалуються что у Киргизи нет образования нет воспитание все грубяны деп...Билбейм аман болчу деги Кыргызым...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан