Жарандык активист Акбалык Жумалиева бюджеттен каржыланган тойлор тууралуу: “Кыргыз өлкөсү мигранттардын акчасы менен эле сакталып турат”

.Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов парламенттин жыйынында 2018-жылы мамлекеттин эсебинен 105 той каржыланганын айтып чыкты. Эл өкүлү бюджеттин тартыштыгында мындай ири чыгашага баруу туура эмес деген пикирде. Буга чейин да Кыргыз өлкөсү инновациялык, экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандын ордуна чыгашалуу той-мааракелерди көп өткөрөрү айтылып, сындалып келген. Жакында өкмөт 2019-жылга карата бюджеттин долбоорун парламентке алып келет. Бул ирет да жүздөгөн тойлорду салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржылоо кабыл алынабы же казынаны көбөйтүүгө маани берилеби белгисиз. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бюджеттен каржылап той-маараке өткөрүүнү токтотуу керекпи?" деген соболуна жарандык активист Акбалык Жумалиева жооп берди.
Ал мамлекеттик бюджеттен каржыланган тойлорду эле эмес, жөнөкөй тойлорду да бир тартипке салыш керек дейт.

“Мамлекет өткөргөн тойлорго да, элдер өткөргөн тойлорго да кескин түрдө каршымын. Кайсы бир райондун мааракеси болуп жатса той эмес, марафон өткөрүшсө жакшы болмок. Көпчүлүк адамдар бир баатырдын же аймактын мааракесин өткөрүп, кыргыздын салтын сактап калабыз деп айтышат. Салтты башка форматта да сактасак болот. Тарыхыбызды, салтыбызды келечек муунга китеп аркылуу сиңдиришибиз керек. Жаштар той менен тарбияланбайт. Жөнөкөй эле кыз узатууну да эркек баланы үйлөгөндөй чыгаша менен өткөрүүнү адатка айлантып алдык. Кыргыз өлкөсү мигранттардын акчасы менен эле сакталып турат. Өкүнүчтүүсү, алардын акчаларынын баары той-топурга иштетилип кетүүдө.

Айрым учурларда бюджеттин эсебинен той өткөрүү райондук жетекчилердин да жеке кызыкчылыгы болуп калат. Мындай максаттагы тойлор элдин чөнтөгүн тоногонго барабар. Андан сырткары биздин мамлекетте майрамдардын саны да көп. Дем алыш менен эле көп убакыт өткөрөбүз. Башка өлкөлөрдө жылына 2 гана майрам бар. Булардын санын да кыскартуу керек. Бюджетибиз жарды. Той кылып, майрамдай турган абалда эмеспиз”, - деди Жумалиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов, мурунку маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, эксперт Эмил Үмөталиев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, коомдук ишмер Нуржигит Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан