Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы көпчүлүк коалициясы түзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Канатбек Мүзүралиев билдирди.

“Жаңы түзүлгөн коалиция КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт”, “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынан турат. Ал эми "Кыргызстан" фракциясы оппозицияда калды”, - деди Мүзүралиев.

Бүгүн, 19-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү-Прогресс" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары көпчүлүк коалициясынан чыкканына байланыштуу шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан