Чемпиондор Лигасы: "Валенсия"-"Ювентус" беттешинде Криштиану Роналду оюн талаасын көзүнө жаш ала таштап кетти

19-сентябрдан 20-сентябрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы 1-турдун оюндарынын алкагында "Ювентус" футбол клубу "Валенсия" менен кез келди.

Аталган оюнда "Ювентус" конокто ойноп, клубдун мыкты оюнчусу Криштиану Роналду оюндун 29-мүнөтүндө орой ойногондугу үчүн кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилди.

Роналдуну оюндан чыгаруу боюнча чечимди башкы калыс Феликс Брих жардамчылары менен болгон сүйлөшүүдөн кийин кабыл алды. Анткени ал бул учурду өзү жакындан көргөн эмес. Роналду "Валенсиянын" коргоочусу Жейсон Мурилього карата орой ойноду.

33 жаштагы Роналду оюн талаасын көзүнө жаш ала таштап кетти. Аталган оюнда "Ювентус" клубунун оюнчусу Миралем Пьянич 2 гол киргизип, командасына жеңиш алып келди.

Криштиану Роналду коргоочуга карата орой ойноду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Zidan2
2018-09-20 09:38:55
Мен билген,калыстардын эн акыйкатсыз чечими.
+2
Dembele84
2018-09-20 09:42:40
Ушул футболчу каерде корбо ыйлап эле жургону жургон,кыз эле болуп калбаптыр )))
-5
Modric10
2018-09-20 12:52:53
Dembele84,анчалык кетпесен биз неге корбодук анда
-4
Kanybek121195
2018-09-20 13:05:34
Судья өтө чоң ката кетирди. Ал жерде сары кагаз көрсөтсө да көптүк кылат еле
+4
Dembele84
2018-09-20 13:42:36
Kanybek121195,Ушундай судьялар керек звездасын карабай коркпой жазалаган,азамат экен судья!!!
-7
nemo2016
2018-09-20 19:25:41
туура эмес чечим болду Ранолдо сен Мессиден кийинки мыкты футболчусун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан