Кытайдын Оштогу башкы консулдугу Жалал-Абад облустук милициясына 8 унаа белек кылды

Кытай Эл Республикасынын Ош шаарында жайгашкан башкы консулдугу тарабынан жардам иретинде Жалал-Абад облустук милициясына 8 унаа белекке берилди. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ачкычтар 19-сентябрда министр Кашкар Жунушалиевдин катышуусунда тапшырылды. Белекке алынган унаалар Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо, Чаткал, Токтогул өңдүү алыскы райондордо пайдаланылат.

Кашкар Жунушалиев унааларды тапшыруу учурунда эки өлкөнүн кызматташуусу жанданганын белгилеп, Кытай өлкөсүнүн Ош шаарында жайгашкан башкы консулдугуна ыраазычылыгын билдирди.

Андан сырткары облустук жана шаардык башкармалыктардагы, борбордук аппараттардагы штаттык бирдиктер кыскартылып, анын ордуна аймактарда штаттык орундар көбөйгөнүн кошумчалады.

Унааларды тапшыруудан кийин министр Базар-Коргон районундагы Арстанбап аймактык милиция бөлүмчөсүнүн ачылышына катышты. Бул 4 бөлмөлүү болгон милиция бөлүмү да Кытай өлкөсүнүн Ош шаарындагы башкы консулдугунун колдоосу менен курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
abon
2018-09-20 08:39:22
машиналар кут болсун
0
Shef87
2018-09-20 09:04:42
Кытайдан белек алып отуруп эрттен жерди алдырат окшойбуз тажикстанга окшоп
+3
monster_high_98
2018-09-20 09:18:09
Бермейдин алмайы бар,эртен бирнерсе сурап калса бере саласынарбы эми
+1
almanbetperm
2018-09-20 10:39:18
Бул KIA CERATOлор чаткал, тогуз тороонун жолдоруна чыдайт бекен???
+2
Suzak12
2018-09-21 02:41:09
almanbetperm,бул Киа Серато эмес Бул Киа Рио
0
Nargiza1987k
2018-09-20 11:34:49
Алып атып алдырып ийбегиле
0
Jasa
2018-09-20 17:52:36
бечараа кембагал жашаган уйго 8 мушок ун бергендей эле болду,кембагал олко экенибизге намыстанам да,жардам эле ала беребиз,биз дагы бащка олкого жардам жиберген кун болот бекен
0
Omush94
2018-09-20 23:19:17
Чаткал тогузтородо кытайлар иштейт да жакшы крыша болгула деп берди жөн берди дейсиңерби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан