Депутат жаңы бүткөн унаа жолдорунда тротуарлар салынбай жатканын айтып чыкты

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев тротуарлардын салынбай жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда депутат парламент жыйынында билдирди.

“Учурда унаа жолдору салынып жатат. Бул жакшы нерсе. Көчмөндөр оюндарында да жолдор салынды, бирок тротуарлар жок, туристтер унаа жолу менен басып жүрүштү. Бизде дайыма ушундай, жолду салабызда аны аягына чыгарбайбыз. Ал жерде адамдар чоң жол менен басууда, жыйынтыгында жол кырсыктары болууда. Ал жол менен окуучулар, балалуу аялдар жүрүшөт. Коопсуздукту эске алсак, адамдар жүрүүчү жолдорду кошуп салсак, веложолдорду салып берсек”, - деди Конушбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан