Акыркы учурда өрттөнгөн жайлардын себебин аныктоо керектиги айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков айтып чыкты.
"Акыркы мезгилде бир нече коомдук жайлардын күйүп кетишине элдер таң калып жатышат. Коомдук жайлардын күйүп кетиши көнүмүш адатка айланып бараткандай. Күйүп кетиптир дейбиз, эмне себептен күйгөнүнө эч ким жооп бербейт. Өрт өчүрүү кызматкерлери ар бир имаратты кабыл алып жатканда текшерүү кылат, уруксат берген адамдар бар да. Ошол жерлерге өрт өчүрүүчү унаа кире албай калууда деп өрт өчүрүүчүлөр нааразы болууда.
Акыркы убакта филармония, "Ош базар" 2 ирет күйдү, "Супара" күйдү, бул элдин каражаты. Бул жерлер эмне себептен күйдү, тактасак жакшы болот эле. Криминалдык жол менен өрттөлдүбү же коопсуздукту сактабагандыктан күйдүбү тийиштүү кызматтар тактап, жооп берсе жакшы болмок", - деди Субанбеков.