"Кыргыз мамлекетинде плагиат окумуштуулар арбын, кээ бирлери көмүскөдөн көрүнө чыга баштады" деп бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Ал бул боюнча тийиштүү чаралар көрүлүшү керектигин айтты. "Жогорку аттестациялык комиссия жакталып жаткан диссертациялардын базасын жаап салыптыр, аны тезинен кайра ачуу зарыл. Орусияда "Диссернет" шериктештиги бар, жакталган ал илимий иштер жаатындагы плагиаттык жосундарды таап чыгып, жалпыга жарыя кылып жатат. Жогорку аттестациялык комиссиянын жакталган диссертациялардын базасын жаап салышын кандай түшүнсө болот? Кандай илимий иштер жакталып жатканын жалпы журттан эмнеге жашырабыз? Демек, окумуштуулар өздөрүнүн жактаган илимий иштерин коомчулуктан жашыргысы келет экен", - дейт Бекешев.