Депутат Карашев: "Салык кодексине өзгөртүү киргизүүгө 3-5 жылга чейин мораторий жарыялоону сунуштайм"

КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев Салык кодексине өзгөртүү киргизүүгө 3-5 жылга мораторий жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"17-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлер менен жолугушуу өткөрүп, бизнес жаатында көйгөйлөр тууралуу сөз болду. Өткөн жумада дагы бул маселе парламентте көтөрүлдү эле. Мен экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу айткам. Ишкерликти тескөөчү мыйзамдардын туруктуулугу зарыл. Инвестициялардын келиши тынчтыкты талап кылат. Бир жылдын ичинде Салык кодексине 15-20га чейин өзгөртүү киргизилген. Инвестор келе турган болсо мыйзамдарды изилдеп чыгат. Ошондуктан Салык кодексине өзгөртүү киргизүүгө 3-5 жылга чейин мораторий жарыялоону сунуштайм", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан