Депутат Жамалдинов өкмөт жөлөк пул алуунун жол-жоболорун жеӊилдетип берүүнү иликтеп чыгышы керектигин айтты

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов өкмөт жөлөк пул алуунун жол-жоболорун жеӊилдетип берүүнү иликтеп чыгышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ата-энелер балдарына жөлөк пул алууда абдан кыйналып жатат. Алар жөлөк пул алуу үчүн кеминде 9-10 документ топтошу керек экен. Ага баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок, тоскоолдуктар көп. Ошондон улам жөлөк пул алуудан баш тарткан адамдар да бар экен. Өкмөт жарандарыбыздын жөлөк пул алуу жол-жоболорун жеӊилдетиши керек. Жөлөк пул алуу үчүн ветеринар, жер маселеси боюнча адис, салык кызматы сындуу мекемелерден маалымкат талап кылынат. Ошонун канчалык зарылчылыгы бар? Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен ата-энелеринин паспорттору эле жетиштүү болмок", - дейт Жамалдинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muhsina
2018-09-20 13:12:05
Эн туура, 4 балалуулар да ала албай журот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан