SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыз жандуу эркек үйлөнсө да ошол бойдон калабы?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Бир жигит аябай күйдүрдү. Чектен ашкан кыз жандуу, ал менен жолугуп калсаң 2-3 сааттын ичинде жок дегенде 2 кыз чалат. Кызыгы, кыздары да бири-бирин таанып-билишет экен. Жаш бала болсо бир жөн, ал менен теңдер үй-бүлө күтүп, бала-чакасы мектепке барып калды. Үйлөнөйүн деген ою бар, бирок кыз тандап жүргөнү-жүргөн. Мен бойдок кезинде кыз жандуу болгондор кийин дароо токтолушат деп уктум эле. Ошол чынбы? Же үйлөнсө таланты кайра ашып-ташып кетеби? Ай, жигиттер, ой бөлүшүп кетсеңерчи".
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Беш кол тең эмес... Менин оюмча, эркектердин 85 пайызынын көнгөн адаты калбайт".
- "Ээ, адамзат, кыргыздын мыкты макалдарын эстен чыгарбайлычы. "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?"
- "Беш кол тең эмес" дешет го. Мен, мисалы, үй-бүлөдө өзүмдүн кадыр-баркымды жоготкум келбейт. Мусулманчылыктан да кабарым бар".
- "Менин таякем дагы ошондой типтеги адам болчу. "Ой, ушу экөөңөргө кайсы кыз чыгат болду экен?" деп таажеңем айтчу экен. Кийин өзү ошол кыз болуп калды. "Көрсө, Кудай мени шашпай тур!" деген окшойт деп таажеңем экөөбүз сүйлөшүп калганда эстеп мага айтып калат. Таажеңем таякемдин досунун карындашы болот. Үйлөнгөндөн кийин андай типтеги адам болбой калды. Билбейм эми, бирок мен андай жүргөнүн байкаган жокмун".
- "Кудай ыйман бербесе, оңолоруна көз жетпейт го андайлардын".
- "Кыз жандуу жана жаш кездеги кыздар менен сүйлөшүүгө кызыккан учурду алмаштырбагыла. Кыз жандуулук бул айыкпас дарт, өмүр бою ошол бойдон калат. Аларды туура түшүнүп, келинчектери кечиримдүү болушу керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.