Депутат Ирина Карамушкина өкмөт башчыны Зардалыдагы элдин жашоосун көрүп келүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.
Депутат Мухаммедкалый Абылгазиевди Зардалы айылындагы элдин жашоо-турмушунун татаалдыгы менен таанышууга чакырды.
"Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?” деген сөз эмне жөнүндө экенин мен эми түшүндүм. Зардалыга барып, элдин жашоосун өз көзүм менен көргөндөн кийин ал сөз эмне жөнүндө айтылганын биле алдым. Аялзаты болгонума карабай ошол жакка барып келдим. Ал жакта жашагандар 18-кылымдагыдай өмүр сүрүүдө, электр жарыгы, байланыш жана радио-теле байланыш менен камсыз болгон эмес. Мен премьер-министрге кайрылат элем, сиз үчүн ар бир жарандын жашоосу маанилүү болсо өзүңүз да ошол жакка октябрдын аягында барып келиңиз. Эгер барсаңыз ал жакка барган алгачкы премьер-министр болот элеңиз", - деди Карамушкина.
Зардалы - Баткен облусуна караштуу тоолуу жана чек арада жайгашкан айыл. Ал жакка баруу үчүн транспорт жок, эл жөө жалаңдап борборго каттайт, электр энергиясы да жок.