ӨКМ: "Кырсыктарды азайтууда коомчулуктун жардамы маанилүү. 1 ай бою өлкөдө окутуу, машыктыруулар өтөт"

5-октябрь - Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин азайтуу күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер-жерлерде калк арасында кырсыктарды азайтууга арналган бир катар иш-чараларды өткөрүп жатат. Аталган күнгө карата министрлик тарабынан Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин азайтуунун бир айлыгы жарыяланган. Бир айлык 5-сентябрдан 5-октябрга чейин улантылат.

ӨКМнын маалымат кызматы кабарлагандай, 18-сентябрда аталган бир айлыктын алкагында Талас облусунда министрдин катышуусунда кырсыктарды жоюуга арналган бир катар иш-чаралар өттү.

"Өтүп жаткан бир айлыктын негизги максаты - жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин төмөндөтүү тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдардын кооптуулугу, техниканын катышуусундагы кырсыктардын кесепеттери жөнүндө жана анын алдын алуу боюнча элге маалымат берүү. Мындан тышкары аймактардагы куткаруучу унаалардын, жабдыктардын абалы менен таанышуу. Биз жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин азайтууда коомчулуктун колдоосуна муктажбыз, калк менен биргеликте түрдүү кырсыктардын азайышына жетебиз", - деген Талас облусунда өткөн иш-чарада министр Нурболот Мирзахмедов.

Таластагы бир катар мектептерде окуучуларга өзгөчө кырдаалдар учурунда сактануу, коргонуу, биринчи жардамды көрсөтүү өңдүү ар тараптуу машыгуулар атайын жабдык жана адистердин катышуусунда өткөрүлгөн.

19-сентябрда ӨКМнын суудан куткаруу кызматы "Кызыл Жарым ай" коому менен биргеликте мектеп окуучулары үчүн машыгуу-семинарын өткөрүштү. Мындай окутуу Бишкектин четиндеги Энесай жаңы конушунда жайгашкан №21-мектептин базасында өткөрүлүп, анда суудагы коопсуздук эрежелери үйрөтүлдү. Машыгууга 8-9-10-класстын окуучулары катышып, сууда түрдүү кырсыктарга кабылбоо үчүн кайсы эрежелерди сактоо керек жана кимдир-бирөө чөгүп кетсе алгачкы жардам кандай көрсөтүлөт деген суроолорго жооп алышкан. Ушул эле учурда Баткен районунун Бужум айылынын Ш.Токсонов атындагы орто мектебинде окуучулар куткаруучулардын шаймандары менен машыгууларды өткөрүштү. Катышуучулар кырсыктардын тобокелин азайтууну Бужум айылынын элине жайылтуу максатында жөө жүрүш жасап, ошондой эле окуучулар жана чогулган жарандарга ар кандай кырсыктардан куткаруу үчүн колдонуучу куткаруучулардын шаймандары менен таанышып, аларды өздөрү колдонуп көрүштү.

Иш-чарага Ш.Токсонов атындагы орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары, ӨКМнын республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 3-Өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары жана Баткен облусундагы Улуттук Кызыл Ай коому тартылды.

Жарыяланган 1 айлыктын алкагында өлкөнүн бардык аймак-шаарларында жаштарга куткаруу иштеринин маанилүүлүгү комплекстүү өткөн иш-чаралардын негизинде үйрөтүлөт. Анда аймактардагы ӨКМнын бөлүмдөрүндө ачык эшиктер, семинар-окутуулар, илимий-практикалык конференциялар өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан