Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин спикери болуп 29 жаштагы Жаныбек Абиров шайланды. Шайлоо бүткөн соң ал журналисттерге айлыктан баш тарта турганын айтты.
"Мен үй-бүлөм менен чогулуп кеңешип, айлыкты социалдык тармактарга жумшоону макулдаштык. Мисалы, балдар үйлөрүндөгү тамактануу маселесин жакшыртууга бөлүнөт. Шаардык кеңештин спикеринин айлыгы канча экенин билбейм", - деди Абиров.
Абиров Жаныбек Болотбекович 1988-жылдын 22-декабрында туулган. Эки жогорку билими бар: Кыргыз-Орус Славян университетин юриспруденция кесиби боюнча жана Президенттин алдындагы башкаруу академиясын Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кесиби боюнча бүтүргөн. КСДПнын тизмеси боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган. Атасы Болотбек Абиров Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздаган "Рассвет компани" ишканасынын негиздөөчүсү.