Айнаш Токбаева Жогорку Соттун төрайымы кызматынан кеткенден кийин эмне кыларын айтты

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын кызмат мөөнөтү аягына чыгып жатат. Буга байланыштуу ал SUPER.KG порталына кызматтан кеткен соң эмне менен алек болорун айтып берди.

Токбаева Жогорку Соттун төрайымын жана анын 3 орун басарын шайлоо маселеси 22-сентябрда караларын белгиледи.

"Төрага жана анын орун басарларынын 3 жылдык мөөнөтү бүтүп жатат. Буга байланыштуу 22-сентябрда жалпы соттордун жыйыны өтөт. Анда Жогорку Соттун жаңы курамы шайланат. Судьялардын арасынан талапкерлер сунушталат. Андан кийин добуш берилет. Мен Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылы Жогорку Соттун судьясы болуп шайлангам. Бул кызматта 70 жашка чыкканга чейин отура алам. Демек, Жогорку Соттун төрайымы кызматынан түшкөндөн кийин судья катары эмгектене берем", - деди ал.

Айнаш Токбаева 21-декабрда 58 жашка толот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
General.kg
2018-09-20 14:01:21
Жаштарга орун бергилечи суранам!
+2
Brutalnyi
2018-09-20 14:09:48
Жаштарын тажрыйбасы жок кантип иштейт?
0
General.kg
2018-09-20 14:24:11
Тажрыйбанын өтө деле кереги жок мыйзамда баары көрсөтүлшөн ошол боюнча иштейт
+2
General.kg
2018-09-20 14:24:40
35-40 жаштагы адамга өткөрүп берсе болот эле
+1
Erik2018
2018-09-20 14:44:40
Кимиси келсе да татыктуу кадр келсе болмок. Азыр эл жаштардын иштешин талап кылып жатышат. Жаштарга тажрыйба керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан