Акыркы 3 жылда ар бир судьянын ишинин сапатына өзүнчө баа берилди. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева SUPER.KG порталынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Ал Жогорку Соттун төрайымы болуп турганда аталган системде кандай иштер аткарылганын санап берди.
"Жетишкендиктерге "мен жетиштим" дегенден алысмын. Сот реформасынын алкагында сот тутумунун 2014-2017-жылдардагы өнүгүүсү тууралуу мамлекеттик программа бар болчу. Ошол жерде багыттар каралган. Биринчиси - сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу. Экинчиси - системди заманбапташтыруу, IT технологияларын киргизүү. Үчүнчүсү - сот системинин инфраструктураларын жакшыртуу. Негизги иштерибиз ушулар болчу.
Биз электрондук сот өндүрүшүнө өтүүнүн биринчи кадамдарын жасадык. Бул донорлордун техникалык колдоосу менен ишке ашты. Негизгиси сот адилеттигин жогорулатууга басым жасадык. Ар бир судьянын ишинин сапатын баалоону баштадык. Мурда мындай болгон эмес. Буга чейин сот системине жалпылап эле баа берилип келген", - деди Токбаева.
Айнаш Токбаеванын мөөнөтү аягына чыкканына байланыштуу Жогорку Соттун төрагасын шайлоо 22-сентябрда өтөт.