КҮНСЕРЕП: Бишкекти кимдер бийлейт: Курулуш магнаты - мэр, көмүр магнаты - спикер

Бүгүн, 20-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

29 жаштагы Жаныбек Абиров Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы болуп шайланды. Шаардык кеӊеште 45 депутаттын кыркы Абировго "макул" деп добуш берди. Ошентип төрагалык кайра эле КСДП фракциясында калды.

1 ай мурун Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисине орун басар болуп дайындалып, шаардык кеӊештеги орду бош калган. Адатта, сыйлуу орун узакка бош турбайт. Көп өтпөй башкаруучу коалициянын лидери Таалайбек Сагынов төрагалыкка ар бир фракция бирден талапкер чыгара турган болду деп жарыялады. Дароо "Кыргызстан" фракциясы Кубанычбек Конгантиевди спикерликке сунуштады. Кубанычбек Конгантиев - мурдагы баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин баласы, Бакиевдин тушундагы ИИМ жетекчиси, 2010-жылы 6-апрелде Талас элинен токмок жеген Молдомуса Конгантиевдин иниси. "Өнүгүү-Прогресс" болсо спикерликке Таалайбек Сариевди сунуштаганы жаткан. Бирок спикер шайлоо процесси депутат Сагынов айтып жаткан сценарий боюнча өткөн жок. Кечээ, 19-сентябрда шаардык кеӊештеги КСДП, "Өнүгүү" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары коалицияны шашылыш таратып, бир күндүн ичинде кайра жаӊы альянс түзүлдү. Бул альянс "Кыргызстансыз" түзүлүп, анын ордуна "Республика-Ата Журт" фракциясы киргизилди. КСДПнын депутаты Жумабек Салымбеков башкаруучу коалициянын лидери болуп шайланды. Коалициянын атынан заматта Жаныбек Абиров деген талапкер пайда болуп, бүгүн анын талапкерлиги дээрлик бир добуштан колдоо тапты. Добуш берүүгө катышкан 41 депутаттын кыркы колдоого алды.

Жаныбек Абиров – Атамбаевдик бийликтин тушунда өзгөчө атагы чыккан белгилүү ишкер Болотбек Абировдун баласы. ЖМКларда Болотбек Абиров жөнүндө көп сөз айтылып, жазылып жүрөт. Мисалы, анын “Прогресс компани”, кийин "Рассвет компани" ишканалары акыркы жылдары Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү боюнча өткөрүлгөн тендерлерде такай жеӊүүчү болуп жүргөн. Ал мындан башка да компаниялардын ээси. Ал эми Жаныбек Абиров 2014-жылдан бери атасы жетектеген "Восток и К" компаниясында иштеп келген. 2016-жылы Бишкек шаардык кеӊешине КСДПнын тизмесинде депутат болуп шайланган. Билим берүү багытында "Абиров" деген коомдук фонд түптөгөн. Кызыгы, Жаныбек Абиров шаардык кеӊештин төрагасы болуп шайлангыча Болотбек Абировдун уулу экенин моюнга албай жатты. Болотбек Абировго жана Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган "Рассвет компаниге" эч кандай тиешем жок дегени социалдык тармактарда сын-пикир жаратты. Төрагалыкка шайланган соӊ SUPER.KG порталы менен байланышып "үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн атам жөнүндө калп айткам, Болот Абировдун уулумун" деп билдирди. "Чү" дегенде эле ишин калп айтуудан баштаган Абиров шаар үчүн күйүп иштейби, чынчыл жетекчи болобу деген түкшүмөл ойлор жаралды. Жаш депутат кызматка жетүү үчүн атасынан деле баш тартабы?

Жаңы шайланган шаардык кеңештин төрагасы айлыгынан баш тартарын жар салып, бул аракет коомчулукта арзан популизм катары кабыл алынды. Буга чейин бишкектик шайлоочулардын жөндүү сыны, келтирген аргументтерине карабай шаардык кеӊештин депутаттары курулуш магнаты Азиз Суракматовду мэрликке "дайындаган". Депутат Жанар Акаев Суракматов шайланып жатканда да, Абиров шайланарда да шаар жетекчилигине көпөстөр келе жатат деп чыкты. Курулуш магнатынын шаар башчылыгына шайланышы талкууланып бүтө электе Бишкек жылуулук электр борборуна бир нече жылдан бери көмүр ташуу тендерин утуп келе жаткан компаниянын өкүлү шаардык кеӊешке башчылыкка шайланды. Бул адамдар Бишкек шаарын башкаруудагы кызмат абалдарын үй-бүлөлүк бизнесинин кызыкчылыгында пайдаланбайт деген кепилдик барбы? Бийликте кадр саясаты дале өзгөрбөй жеке кызыкчылыктар менен жүргүзүлүп жаткандай...

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын кызматтык мөөнөтү бүттү. Бүгүн ал пресс-жыйын өткөрүп, 3 жылдык иши боюнча суроолорго жооп берди. Төрайым сотко нааразылардын 50 пайызы сот ишинде утулуп калгандар дейт. Анын "кыргыз сотуна жарандардын 73 пайызы ишенери сурамжылоодо аныкталды" дегени күндүн "ачылышы" болду.

2017-жылы "Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" уюму жүргүзгөн сурамжылоодо сот бийлиги жарандар эӊ көп ишенбеген алдыңкы 3 тармакка кирген. Укук коргоо, көзөмөл органдарында, сот бийлигинде, коррупция менен күрөшүүсү керек болгон органдарда коррупция тамырлап кеткенин президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында да айтканы элдин эсинде. "Булар элден башка параллелдик дүйнөдө жашайбы? Мындай статистика кайдан алынган?" - деген өңдүү пикирлер айтылып баштады. Токбаева Жогорку Соттун төрайымы болуп 2015-жылы сентябрда шайланган. Акыркы 3 жылда сот тармагы жакшырып кеткен жок. Тескерисинче, бул жылдар аралыгында бийликти кескин сындап жүргөн саясатчылар коюлган айыптар толук далилденбей, күмөндүү адамдардын арыздарына таянуу менен эле соттолуп кетишти, алардын укугун коргоо боюнча жактоочуларынын өтүнүчтөрүн соттор такыр колдобой, тескери чечим чыгарып жатышты, бийликти сындаган жарандык активисттерге жана эркин ЖМКларга ири суммада айыптар салынды. Сот системиндеги ушундай иштерден улам жарандарда сотторго ишенбестик жана нааразычылык күчөдү. Андыктан Токбаеванын "73 пайыздык ишеними" коомчулукту ынандыра алган жок.

Алдыда Жогорку Соттун жаӊы төрайымы жана анын орун басарлары шайланары күтүлүүдө. Депутаттар "Жогорку Сотко таза, артында кыңыр иштери жок кадрлар келбей жатат" деген өздөрүнүн сындарын жаңы төрага тандоодо эске алышабы же адаттагыдай президенттик кабаттан жиберилген адамды сындамыш этип баары бир шайлоо менен бүтөбү?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан