Автомектепти бүтүргөндөр 6 айга чейин сынак тапшырбаса айдоочулук күбөлүк берилбейт

Мындан ары автомектепти бүтүрүп, 6 айга чейин сынак тапшырбаган жарандарга айдоочулук күбөлүк берилбейт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы маалымат таратты.

"Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө коррупциялык элементтерди жокко чыгаруу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомго кол койду.

Токтомго ылайык, автомектепте окугандыгы тууралуу күбөлүктүн мөөнөтү 6 айды түзөт. 6 айдын ичинде тийиштүү органдарга экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүгүн албаган жарандардын күбөлүгү жараксыз деп табылып, кайрадан автомектепке окуп келиши керек болот. Ал эми 2016-жылдын 1-январына чейин окутуудан өткөн жана 2018-жылдын 1-октябрына чейин айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча сынак тапшыруу үчүн келбеген адамдар кайра окутуудан өтүүгө тийиш. Жаңы токтом расмий жарыялангандан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azat.97
2018-09-20 16:37:10
Тушунбодум кандай дейт
0
tular
2018-09-20 16:50:33
Azat.97, Менда маанисин тушунбой койдум, кайра-кайра окуп чыктым!!!
+1
Kairat1996
2018-09-20 17:43:13
tular,Короче 6 айда тапшырбасан, ГАИлерге пара берип кете берсенер уруксат экен. Паранын суммасы 1000-5000 сомго чейин экен. Жаны закон экен. Мен ошондой тушундум. Башкасы кандай тушунду, аны айталбайм. Ар ким ар кандай тушунуп жатышат.
+2
rysik79
2018-09-20 17:27:09
Автомектепти бутуруп коюп, типа окуп бутту деген куболукту мектептен алып коюп каалаган убагында маиге барып экзамен тапшырып праваны ала бермей болчу. Эми куболукту алгандан кийин 7айдан кийин права алам деп барсан окуган куболугун жараксыз болот экееен.
+2
haydarkan
2018-09-20 17:50:46
Казанчынын оз эрки кайдан кулак чыгарса болуп жататта. Сррочно воен билетти алып койуш керек бир нерсени ойлогучалар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан