Жогорку Соттун төрайымы: Атайын сурамжылоого катышкан жарандардын 73 пайызы сотторго ишенерин айткан

Кыргыз өлкөсүндө жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкан миңден ашык жарандын 73 пайызы сот системине ишенерин айткан. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева бүгүн, 20-сентябрда болгон маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул Жогорку Соттун жүргүзгөн сурамжылоосу эмес.

"Жарандардын сотторго болгон ишеним деңгээлин аныктоо максатында эл аралык уюумдар менен сурамжылоо жүргүздүк. Албетте, бул пилоттук түрдө гана өттү. Муну мен жалпы өлкө боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоо деп айтпайм. Жалпысынан 1044 адам катышты. Алар Бишкектин тургундары. Биз биринчи жолу бул ыкманы сынап көрдүк. Эми аны кеңейтебиз. Буга чейин сотторго жарандардын 80-90 пайызы ишенбейт деп айтылып келген. Бирок бул эмненин негизинде аныкталганы белгисиз", - деди ал.

Кыргыз мамлекетинин сот системи коррупциялашканы жана жарандардын ишеними төмөн экени буга чейин эле айтылып келген. Жадакалса президент Сооронбай Жээнбеков да бул тармакты паракорлукка батып калганын айтып, кескин сындаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Dembele84
2018-09-20 18:20:39
Суроо берсе жооп бербей кетип калган жарандарды да сотко ишенет деп эсептеп кошуп алыпсынар окшойт.Кээ бирлери конулунорду калтырбайлы деп ишенем деп суйунтуруп кеткендир,чын алып келгенде эч кандай эмес!
+7
Kylychisa
2018-09-20 18:24:02
соттор жалганды ышкырта берсе жараша берет
+8
iryi1
2018-09-20 18:28:21
Мен ишенем кыргыз сотторума. Самый гуманный суд в мире!!!
-2
adilbars
2018-09-20 18:44:27
Сурамжылоого жалан эле сот аткаруучулар катышса керек да...
+13
PROS
2018-09-20 18:58:18
73% эл ишенбейт десеңер туура болмок.
+8
urmat-77
2018-09-20 19:17:58
Оозу мурду кыйшайбайт экен да.Тескерисинен болгондо дале аз болмок.Жок дегенде ишенбеген де 90 пайыз болсо керек.
+6
bond02
2018-09-20 19:19:14
Жалан озунорго тууган туушкандардан сураган окшойсунар.
+7
erkeleim
2018-09-20 19:22:45
Сойрукго 6млн калктын ичинен озуно тийиштуу 1000адамды сурап анан жыйынтык чыгарган. Кудайдан корккулачы кичине апырта бербей
+6
wwwbaxa
2018-09-20 19:29:27
Ар бир областтан сурасанар да кичине ишенимиш болот элек,силер СИЗОдон эле сурамжылоо откоргон окшойсунар
+5
Natun
2018-09-20 19:51:14
Сотторго эл ишенип калды. Жылыш бар. Мурда соттор коз каранды болчу
-5
tnz
2018-09-20 20:31:38
Атамбаевдин тушунда бул корсоткуч Бир кыйла томон эле азыркыга салыштырмалуу
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан