2018-жылдын сегиз айында өлкөдө төрөттөн 36 эне көз жумган

2018-жылдын сегиз айында өлкө боюнча 36 эне өлүмү катталган. 2017-жылы бул көрсөткүч 34 болгон эле. Бул тууралуу өкмөттө өткөн кеңешмеде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуулардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири – адистерге убагында каттоого турбагандык, кош бойлуулардын гипертензивдик абалы, кансыроо, кандын бузулушу, дарыгерлердин катасы, оор акушердик кошумча ооруларда ар тараптуу квалификациялык жардам көрсөтүү үчүн тиешелүү жабдуулардын жоктугу болуп саналат.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, энелердин өлүмүн азайтууда сергек жашоо образын жүргүзүү жана кош бойлуу учурда аялдардын дарыгердин көзөмөлүндө болуусу тууралуу калктын маалымдуулугу негизги ролду ойнойт.

Ал белгилегендей, өлкөнүн саламаттыкты сактоо уюмдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары энелердин өлүмүнүн алдын алуу иштерин күчтөндүрүүгө тийиш. Репродуктивдик саламаттыкка кам көрүү, кош бойлуулук боюнча өз убагында каттоого туруу, текшерүүлөрдөн өтүү зарылдыгы тууралуу маалымдоо боюнча активдүү санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү зарыл.

"Жаңы төрөгөн аялдардын жана ымыркайлардын ден соолугуна байланыштуу ар бир учур тыкыр каралышы керек. Биз эне-бала өлүмүн кыскартуу жана келечекте жоюу үчүн бардык чараларды көрүүгө тийишпиз. Энелердин жана балдардын өлүмү – ар бир өлкөнүн саламаттыкты сактоо абалынын маанилүү көрсөткүчү. Бул маселеге карата мамлекеттин мамилесин түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл", - деди вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, ошондой эле бейтапканалардын деңгээлинде кош бойлуулардын ден соолугунун абалынын скрининги тутумун өнүктүрүү, кош бойлууларга, төрөгөн аялдарга интенсивдүү жана реанимациялык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу маанилүү экенин кошумчалады.

"Акушер-гинекологдордун, төрөт үйлөрүнүн акушерлеринин жана башка адистердин квалификациясын жакшыртуу, калктын санитардык маданиятын жогорулатуу, үй-бүлөнү пландаштыруу маданиятын түзүү, төрөткө чейинки жана кийинки социалдык патронажды өнүктүрүү зарыл", – деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова Саламаттыкты сактоо министрлигине энелердин өлүмүн азайтуу боюнча чаралардын комплекстүү тутумун, анын ичинде: саламаттыкты сактоо тутумунун бардык деңгээлиндеги дарыгерлер үчүн нускама-усулдук сунуштамаларды иштеп чыгууну, ошондой эле республика боюнча онлайн режиминде "төрөт журналы" автоматташтырылган тутумун киргизүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Merelisha
2018-09-21 07:53:11
Кудай сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан