Депутат Махабат Мавлянова азыркы кезде сасык тумоого, аллергияга, рак илдеттерине чалдыккандардын саны арбып баратканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 20-сентябрда билдирди.
Эл өкүлү анын себептеринин бири катары үйдүн ичин жасалгалоодогу айрым курулуш материалдарынын курамынын сапатында уулуу заттардын болушу мүмкүн экенин белгиледи. "Айрым курулуш материалдарынын курамында уулуу заттардан 25 пайызга чейин жарандардын саламаттыгы жабыркап жатат деген эл аралык статистикалык маалыматтар бар. Кыргыз мамлекетинде курулуш материалдарынын адам саламаттыгына зыяндуулугун текшерүүчү жабдуу жок. Мындай жабдуу керек", - дейт Мавлянова.