Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жыйында экономика тармактарынын жана калкты 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө маселе каралат. Баяндаманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов жасайт.
Жыйынга экономика министри Олег Панкратов, каржы министри Адылбек Касымалиев катышат.