Сауд Арабия Кыргыз өлкөсүнө мектептерди курууга 30 миллион доллар бөлдү

Кыргыз өлкөсүнө 27 мектеп курулат. Бул үчүн Сауд Арабия 30 миллион доллар бөлдү. Маалыматты Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жарыялады.

Маалыматка ылайык, 13-сентябрь күнү "Saudi Consulting Services" компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте 27 мектепти куруу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлган. Аталган компаниянын өкүлдөрү мектептердин курулуш долбоорлорун иштеп чыгып, тендердик документтерди жана курулуш иштерин даярдайт. Октябрь айында инженердик изилдөө иштери башталат.

Айта кетсек, мамлекеттик мектептердин курулушун каржылоо жөнүндөгү макулдашууну Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргыз өкмөтү өткөн жылдын май айында кабыл алышкан. Бул боюнча мыйзамды ошол жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш ратификациялап, президент кол койгон. Анда бул каражатка өлкөнүн аймактарына 16 мектепти куруу сүйлөшүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
n.zhanikulov
2018-09-21 08:51:01
райондо эн эле эски мектеп биздики ошол 30дун бироосу бизге курулса жакшы болмок
0
Flowhive
2018-09-21 12:05:53
n.zhanikulov,30 эмес 16 , бирок 30 ду да курса болмок
0
Nanei
2018-09-21 08:55:12
Талас шаарында 8мектеп тии илгери союз учурунда курулган,ошодон бери бир жаны мектеп жок
0
bond02
2018-09-21 09:21:51
Берип эле жатышат алып эле жатабыз, бекерби же карызбы сураган адам жок.
+2
OMURBEK.
2018-09-21 12:36:49
опа депүтат жегичтерге той
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан