Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедов беттеш алдында бетме-бет келишти
21-сентябрга караган түнү АКШнын Нью-Йорк шаарында UFC 229 турниринин алкагында өтө турган Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун беттеш алдындагы жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу UFC`нин бүткүл дүйнөдөгү күйөрмандарына эң мыкты шоу тартуулады.
Чемпиондук курга ээ эмес экенине карабай Конор Макгрегор залга эки чемпиондук кур жана өзү өндүргөн вискиден бир бөтөлкө көтөрүп алып кирип келди. Узатылган суроолорду аягына чыгарбай, атаандашынын сөзүн бөлүп, Нурмагомедовдун ачуусун келтирүүгө аракет кылып жана өзүнүн вискисин бир нече жолу жарнамалаганга жетишти.
Хабиб Нурмагомедов өзүнүн чемпиондук куру менен чыгып, чагымчылдыкка алдырбоого аракет кылып, токтоолук менен берилген суроолорго жооп берип жатты.
Журналисттердин суроолоруна эки мушкер жана UFC`нин президенти Дэйна Уайт жооп беришти. Маектеги кызыктуу учурларды сунуш кылабыз.
Макгрегор: "Күйөрмандар кайда? Биз дал ошол күйөрмандар үчүн мушташып жатабыз. Эгер мен UFC`нин кожоюну болсом, аларды сөзсүз түрдө бул жакка алып келмекмин. Бул согушту Хабиб баштады, биз аягына чыгарабыз. Ал аябай күлкүлүү бала. Мен аны тынчытам".
Уайт: "Күйөрмандарды бул жакка киргизбегенибиздин себеби, мен Нью-Йоркто баш аламандык болушун каалабайм".
Нурмагомедов: "Мурда Конор аябай токтоо болчу. Биз жолукканда анын акыл-эси жайында эле..."
Макгрегор: "Ал менин күйөрманым болчу. Менин футболкамды сатып алган. Ал өзүнүн залын каржылаган ууруну коргоду. Ууру болгон үчүн Путин аны (ред. орусиялык миллиардер Зиявудин Магомедов) түрмөгө отургузган. Мен Хабибдин карьерасынын табытына мык кагам. Мен муну бүткүл орусиялыктардын атынан айтып жатам".
Өзү алып келген вискиден Хабибге сунуп:
"Ич. Бүгүн сенин туулган күнүң эмеспи? (20-сентябрда Нурмагомедов 30 жашын белгилеген).
Нурмагомедов: "Мен ичкилик ичпейм".
Макгрегор: "Таптакыр ичпейсиңби?"
Нурмагомедов: "Таптакыр! Болбогур вискиңди мага сунуштаба!"
Макгрегор: "Айбан десе. Мейли, кел, Дэйна, жок дегенде экөөбүз ичели".