КҮНСЕРЕП: "Туугандарым гений болсо мен эмне кылайын" жаңы версияда жарык көрдү

Бүгүн, 21-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кемин районунда эл менен жолугушууда "үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм, Бакиевдей болуп бир туугандары бийлеп жатат дешүүдө. Менде үй-бүлөлүк башкаруу деген болбойт", - деди.

Азырынча ажонун туугандары маселе чечип жатат деп факт көтөрүп чыккандар жок. Бирок парламенттеги иштерде бир тууганынын таасири болуп жатканын Мадумаров өңдүү учурдагы бийликке көз карандылыгы жок саясатчылар эскертишүүдө. 2 ирет үй-бүлөлүк бийликтен залал тартып, ал үчүн 2002-жылы Аксыда 6, 2010-жылы Ак үйдүн алдында 87 азаматтын өмүрү кыйылып, ал кесепет ошону менен токтоп калбастан 2010-жылдагы июнь окуялары менен уланып, 100дөгөн адамдар шейит кетти. Өлкө башчы “үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм” деген убаданы элге улам айтып жатканы менен анын үй-бүлө мүчөлөрү, тууган-туушкандары, куда-сөөктөрү Акаев-Бакиевдердин түшүнө да кирбеген бийик кызматтарда отурганы - чындык. Президенттин “туугандарым мурдатан бери эле бийликте болчу” деген актануусу Бакиевдин “туугандарым өздөрү “гений” болсо мен эмне кылмак элем” деген актануусуна үндөшүп жатканы да чындык.

Үй-бүлө сыртындагылар үчүн үй-бүлөдө эмне болуп жатканы – жашыруун сыр. Президенттин ар кайсы бийлик бутактарындагы туугандары мамлекеттик башкарууга аралашканы да, же тескерисинче аралашпаганы да жашыруун сыр боюнча кала берет. Үй-бүлөнүн өзгөчөлүгү, үй-бүлөлүк бийликтин, үй-бүлөлүк башкаруунун коркунучу да мына ушунда.

Мамлекеттик эң жогорку кызматтын моралдык жүгү - эч бир тууганың бийлик бутактарында болбошу керек. Андайга дараметиң жетпейби, анда эл алдында сүйлөгөн кооз сөздөрүң - бул жомок. Анткени, бийлик даамы тууганын “тууганым эмес”, атасын “атам эмес” дегенге чейин жеткирүүдө...

Жогорку Кеӊеште фракциялар эмне менен алек?

КСДП бүгүн өлкөнүн кышка даярдыгын талкуулады. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова даярдык графикке ылайык жүрүп, өкмөттө тынымсыз жыйындар өтүп жатканын айтат. Жыл сайын графикке ылайык жыйындар өтөт. Бирок даярдыктын чыныгы абалын Бишкек шаарында былтыркы чилде ЖЭБге күч келгенде көрсөттү. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчиси Азамат Абдыкадыров "Бишкек ЖЭБинде оӊдоп-түзөө иштерине быйыл 730 миллион сом бөлүнгөн, иш жүрүп жатат" дейт. ЖЭБ имаратынын былтыркы кышта элге жарыяланган жыртык чатыры бүтөлөт, талкаланган терезелери жаӊыланат деген үмүт бар.

Энергетиктер, депутаттар тарабынан кайрадан Энергетика министрлигин түзүү сунуштары айтыла баштады. 2015-жылы Энергетика министрлиги жоюлуп, анын базасында "Улуттук энергетикалык холдинг" түзүлгөн. Ошол кездеги чиновниктердин сөзүнө ылайык, максат - энергетика тармагын башкарууну жакшыртуу, коррупциялык схемаларды жок кылуу эле. Коррупция кантип "жоюлганы" Бишкек ЖЭБин жаңылоо ишинен көрүндү. Жыйынтыгы холдингди 3 жыл башкарган, кесипкөй менеджер катары макталып келген Айбек Калиев учурда коррупцияга шектелип УКМКнын тергөө абагында отурат.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары фракциянын көчмө жыйынын өткөрүү үчүн Таласка кетишти. Анда аймактагы айыл чарбасын өнүктүрүү жана билим берүү көйгөйлөрү талкууланары күтүлүүдө. Өткөн жумада фракциялык жыйындарда КСДП акыйкатчылыкка талапкер чыгаруу, "Ата Мекен" Мамлекеттик тарых музейин жаңылоодогу коррупциялык көрүнүштөрдү жана "Белизгейт" атыккан чуулуу окуяны талкуулаган. Калган 4 фракция үчүн өлкөдө карай турган маселе, чече турган көйгөй калбаган сыяктанат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан