Бишкек ЖЭБине 230 миң тонна көмүр ташылып келди

Бишкек ЖЭБине 230 миң тонна көмүр ташылып келди. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда КСДП фракциясынын жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

“Бюджеттик мекемелерге 63 миң тонна көмүр алынды. Калк үчүн 266 миң тонна көмүр даярдалды. Жалпы республика боюнча 630 жылытуучу база ачылган. Былтыркыга салыштырмалуу 37ге көп база ачылды”, - деди. Ошондой ал Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19 миллиард 29 миллион куб метрди түзгөнүн кошумчалады.

"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасы Азамат Абдыкадыровдун айтымында, Бишкек ЖЭБине кыштан чыгуу үчүн 1 миллион тонна керектелет.

Учурда жыйында күз-кыш мезгилине карата даярдык тууралуу маселе каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан