Жогорку Кеңештин депутатына таандык делген жол тандабастын айдоочусу журналистке кол салды

Жогорку Кеңештин депутатына таандык делген жол тандабастын айдоочусу журналистке кол салды. Мындай видеону жергиликтүү маалымат каражаттарынын биринин кызматкери тартып алып, интернет айдыңына тарады.

Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа айнектери караңгылатылганы үчүн инспекторлор тарабынан токтотулган. Бул учурду журналист видеого тартып жаткандыгы айдоочуга жакпай, ортодо пикир келишпестик жаралган. Айдоочу журналисттин телефонун тартып алып, инспекторлор кайтарып алып беришкен. Журналист иштеген маалымат каражаты жол тандабас менен Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жүрөрүн жазган.

"Унаа учурда айып аянтчасына токтотулуп, айдоочуга 2 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды. Машина кимдин атына катталгандыгы боюнча маалымат жок", - дешти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
pompowa
2018-09-21 13:38:26
журналист арыз жазса да болот ал ким экен колун көтөргүдөй өзүн ким деп ойлойт агасы депутат болсо эле не ар нерсе кылса боло береби? Кыргызстанда ушунусу жаман эгер башка мамлекет болгондо камап салмак сөгүнүп кол көтөргөндүгү үчүн
+17
Rystambekkg
2018-09-21 13:42:09
Тазабек,кайсы чойродон келгени белгилу
Озуно ишенбегендер таза инсан еместер
Ушинтип карангылатып журушот коркконунан
+11
bars_wire
2018-09-21 13:47:49
Тообо дейли.өлбөчүдөй жүрүшөткооо өлбөчүдөй.
+11
RusMos76
2018-09-21 13:51:33
Эмнеге дайыны жок кимге катталганы, дайыны жоктордун баарын мамлекеттин эсебине откоруш керек ошондо билинет дайыны- мамлекеттики!
+13
Tentek1
2018-09-21 13:59:52
Жалан чала спортиктерди чогултуп алган да,Тазабек мырза,эгер эркек болсо элдин алдында кечирим суратсын айдоочусун.
+12
Aika96
2018-09-21 14:10:33
Тазабек деген депутат убагында Москвада ишкерлерди ыйлатып тоноп эле журчу...Россия жарандыгы да бар болсо керек. Текшерсе чыгат болуш керек.
+12
tular
2018-09-21 15:53:07
Айып пулду кобуроок толотсун жана моралдык чыгымын толоп берсин журналистке. Андан сон жалпы Кыргыз элинен кечирим сурасын, булар биз тологон налогдун эсебинен жыргап журушот...
+6
Nargiza1987k
2018-09-21 19:06:21
Озун тим эле депутат элестетип алгандырда кыргыз бекен
+2
bahabaike
2018-09-21 22:53:56
Соз жок бул же асмандан же тоодон тушкон зокур
+1
talaa11
2018-09-22 00:30:14
2500 сом буларга эки тыйындай эле акчада,жуз мин штраф салса болмок акмактарга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан