Биз социалдык тармакта

"Энергохолдингдин" төрагасы Бишкек ЖЭБинде быйыл былтыркыдай абал жаралбай турганын билдирди

“Улуттук энергохолдинг” компаниясынын төрагасы Азамат Абдыкадыров Бишкек ЖЭБинде быйыл былтыркыдай абал жаралбай турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-сентябрда КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБди оңдоп-түзөө үчүн 730 миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле ал бардык тийиштүү иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Быйыл 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя максатсыз пайдаланган деп сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2018-09-21 13:32:13
Кудай буюрса деп сүйлөш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан