
Буга чейин Бишкек шаарынын 14 жаштагы тургуну
Аида Мамаева дайынсыз болуп изделип жаткандыгын Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан
кабарлашкан.
Маалыматка ылайык, Мамаева 17-сентябрь күнү мектепке кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Ошол учурдан тартып анын кайда жүргөнү белгисиз болгон.
"Дайынсыз болуп жаткан окуучу кыз Жалал-Абад облусунун аймагында 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түнү табылган. Азыркы тапта кыз ата-энесине жеткирилген, абалы жакшы", - деп билдирди Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы.