Свердлов райондук милициясы тарабынан 1987-жылы туулган Бактыбек Өмүралиев аттуу жаран изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бактыбек Өмүралиев 2015-жылы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык чырай, жүзү тоголок, мурду кырдач. Кийген кийими көк түстөгү жынсы шым, ак көйнөк жана жайкы бут кийим кийип жүргөн.
Изделип жаткан жаран талма оорусунан жабыр тартат жана эс-тутуму да начар болгондуктан өзү тууралуу маалыматты толук айтып бере албашы мүмкүн.
Эгерде Өмүралиевди көргөн-билгендер болсо же кандайдыр бир маалыматы бар адамдар 0 (553)102-566, 0 (772) 05-20-00, 0 (566) 85-58-12 номерлерине байланышып коюуңуздарды Свердлов райондук милициясы жана Өмүралиевдин жакындары суранат.