Бүгүн, 21-сентябрда эксперт Расул Умбеталиев "Электр станциялары" ишканасынын жетекчилиги мыйзамдан коркпой калды" деп билдирди.
Анын айтымында, ишкана өлкө аймагында өндүрүлгөн көмүрдү колдонбой, ортомчу компаниялардан сатып алууда.
"Электр станциялары" ишканасы көмүрдү "Рассвет Компани" компаниясынан бир топ кымбат акчага сатып алууда. Ортодогу айырмачылык ар бир тоннадан 18-20 долларга жетет, ал эми жүз миңдеген тоннадан миллиондогон акча абага кетип жатат. Бул компаниянын башчысы Болот Абиров болот, алар казактардын көмүрүн сатат экен. Өткөн жылы аталган компания ЖЭБге 400 миң тонна көмүр саткан. Баасы 1 миллиард 400 миллион сом болгон. Ал эми, ошол эле өлкө аймагында өндүрүлгөн көмүрдүн 20га жакын түрү бар, эмне себептен аны колдонууга болбойт? Анын үстүнө "Рассвет компани" ишканасынын бир тонна көмүрүнүн баасынан 20 долларга арзаныраак. Сапаты да жаман эмес. Ушул сыяктуу коррупциялык схемалар жөнүндө айткандар буга чейин жоопко тартылып келген. Убагында мен да канча жолу суракка чакырылган болчумун", - деди Расул Умбеталиев.