"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасы Азамат Абдыкадыров энергетикалык тармакты Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин курамынан бөлүп чыгып, өз алдынча министрликке айлантуу зарылдыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-сентябрда КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.
"Ал эми "Улуттук энергохолдингди" жоюунун зарылчылыгы жок, ал чарбалык башкаруу түзүмү катары кала бергени туура болот" деди ал. Азамат Абдыкадыров энергетика тармагы боюнча даярдалган талдоо материалын парламенттин тармактык комитетинин кароосуна киргизүүгө даярдыгын кошумчалады.
Ал эми Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын иштетүү боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рысбаев андай материал болсо, комитеттин мүчөлөрү сөзсүз карай турганын билдирди.