Түркиянын ооруканасында 16 күндөн бери комада жаткан Кыргыз жаранына операция жасалышы мүмкүн

Буга чейин SUPER.KG порталына Рыскүл Ашырапкулова аттуу жаран кайрылып эжеси 1 жумадан бери Түркиянын Анкара шаарынын Нумуне ооруканасында жатканын кабарлаган.

Ашырапкулованын айтымында, эжеси көчөдө эс-учун жоготуп жыгылып, комага түшүп калган. Ооруканада жаткан ар бир күнү үчүн 400 доллар төлөө керек экендигин, бейтаптын жакындарында мындай каражат жок экендигине байланыштуу алар кайрымдуу адамдардан жардам сураганга аргасыз болуп жаткандыгын билдирген.

Ооруканада жатканына 16 күн болгонуна карабастан эжесинин абалы оор экенин бүгүн, 21-сентябрда Ашырапкулова SUPER.KG порталына билдирди.

"Эжемдин абалында эч кандай жылыш жок. Дарыгерлердин айтымында, эгерде эжемдин абалы начарлап кетсе ашказанына операция жасалат. Кайдыгер эмес жарандардан кичине акча чогулду. Бирок анын баары оорукананын кызмат акысын төлөгөнгө жетпейт. Эжемди Кыргыз өлкөсүнө алып кетели десек, аппаратты өчүргөнгө болбойт экен. Ал эми атайын медициналык көзөмөл менен алып кетүүгө кайрадан эле акча каражаты талап кылынат", - дейт Ашырапкулова.

Ошондой эле анын айтымында, Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилиги тарабынан эч кандай юридикалык да, материалдык дагы жардам көрсөтүлгөн эмес.

Рыскүл Ашырапкулованын телефон жана WhatsApp номери +90 555 084 65 85.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RusMos76
2018-09-21 14:42:50
Элчиликтердин кообу аман эле болушсун!
0
landysh
2018-09-21 20:40:26
Аллахым шыпаасын берип айыгып кетсин,ботон жерде жаман болуптур.

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан