"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырчу компания аныкталды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоору боюнча ачык аукциондун жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчыга "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн өткөрүлгөн сынак тууралуу маалымат берилди.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, орусиялык "Вега" радиоуктуруу концерни" компаниясы сынак жеңүүчүсү деп табылган.

"Долбоорду ишке ашыруу наркы 2 миллиард 320 миллион сом суммасын түзөт, бул баштапкы баадан 230 миллион сомго аз. "Вега" компаниясы биринчи лот боюнча 1 миллиард 125 миллион сом сунуштаса, экинчи лот боюнча 1 миллиард 195 миллион сом сунуштаган. Аудитордук текшерүүдөн кийин компания каражатты кепилдик төлөм катары которуп берүүгө тийиш болот", – деди Шаршембиев.

Өкмөт башчы "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон видеокөзөмөлдөө камералары орнотулчу конкреттүү кесилиштерди жана унаа жолдор тилкесин көрсөтүү менен тийиштүү келишимди даярдоону тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, коопсуз шаар долбоорун ишке ашыруу үчүн 24-августта өткөрүлгөн сынак үзгүлтүккө учурап, 4-сентябрда кайрадан сынак уюштурулган.

"Коопсуз шаар" "Акылдуу шаар" долбоорунун бир тармагы болуп саналат. Аталган идея 2012-жылдан бери түрдүү себептерден улам ишке ашпай келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tular
2018-09-21 15:35:32
Наконецто оттубу тендер!!! Бирок биздин озубуздун еомпаниялар утса болмок, мисалы Кыргызтелеком, Мегаком...
0
Dromer
2018-09-22 14:56:46
Мындан канча деген акча түшөт. Түшкөн акчанын 50%дан көбүн ошол уткан компания алат деген жери бар. Бир чети жакшы болуптур. Машина айдагандардын шору гуруйт эми. Ошондо правиланы тазза сактап калатко деп ойлойм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан