СУПЕРСТАН: "Сагынам... Сизди көргүм келгенде бул дүйнөгө батпай кетем"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Монолог" деген темада колдонуучулар жан дүйнөсүндөгү абалын күндөлүк катары жазып калтырат.

Аталган темага алар эч ким билбеген сырларын, жүрөккө батпаган, башкага ачылып айтпаган сезимдерин, ойлорун жазып жеңилдеп, бугун болушунча чыгарат.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Сагынам... Сизди көргүм келгенде бул дүйнөгө батпай кетем, жер кезип тентип кетким келет. Экөөбүздү эки жакта жаратып койгон тагдырга нааразымын. Ардагым, менин акылманым, билем экөөбүз эч качан бирге болбойбуз. Бирок... баари бир үзүлбөгөн үмүт менен жашайм... Кантем, тагдырга баш ийбеске аргам жок. Кош бол, менин эң кымбат адамым!.."

- "Жан дүйнөм оорлошуп кетти, капа кылдым... Бирөөнүн көңүлүн сындырдым... Өзүмдү өзүм жемелеп жатам, жасаган нерселерим туурабы же туура эмеспи?.. Ар ким ар түрдүү түшүнөт, айла жок... Эң негизгиси эки жүздүү болгум келген жок. Жалгандын жарыгын чачкым келген жок. Түшүнсө кечирер ал, эгерде кечирбесе..."

- "Эркектер кыздарды, деги аялзатын сырткы келбетине карап сүйгөн болбойт экен, себеп ички дүйнөсү жакшы болбосо кийин үйлөнгөндөн кийин жашооң тозок болот. Эгерде ички дүйнөсү таза болсо эле сырткы келбетин сүйүп каласың. Анан да ички жана тышкы сулуулугу бар кыздарга жолуккан балдардын бактысы бар болуш керек".

- "Шаардан айылга келдим... Жөн гана сени көргүм келди, сага кайрадан байланып бара жаткандаймын... Өткөн күндөрдү унутуп мамилени кайра баштасамбы? Кантип баштайм? Жазсамбы же чалсамбы? Бирок андайга намысым жол бербейт... Эх, сүйүү! Бүгүн сени көрөм, сен дагы сагынгандырсың... Өкүүнүчтүүсү тааныш эмес адамдардай бири-бирибизди карап коёбуз... Билем бүгүн топ ойногону келесиң, сезип турам... Асия!"

- "Көкүрөк чаап бүт жоопкерчиликти алганыма жооп бере аламбы? Менден башка ким бар? Деги уят болбосом экен..."

Сиздин дагы жан дүйнөңүздө катылган сырлар болсо бул жакка өтүп, билдирүү калтырсаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан