Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов: “Соттук иштер аябай саясатташып кетти”

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызмат мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу кечээ, 20-сентябрда маалымат жыйын берди. Анда Жогорку Сот менен эл аралык уюмдар жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 1044 жарандын 73 пайызы "сотторго ишенебиз" деп жооп бергенин айтты. Токбаеванын билдиришинче, бул пилоттук негизде Бишкек шаарын гана камтыган сурамжылоо. Ал бул көрсөткүч жалпы элдин сотторго болгон көз карашы эместигин белгилеп өттү.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Соттун төрайымы элдин 73 пайызы сотторго ишенет дейт. Сиз кандай ойдосуз?" деген соболуна Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов жооп берди.

Осмонов сотторго болгон ишенимге карата сурамжылоого катышкан тар чөйрөнүн жыйынтыгы реалдуу картинаны чагылдыра албайт деген пикирде.

“Миң кишинин катышуусу менен өткөн сурамжылоону тар чөйрө деп койсо болот. Анын жыйынтыгы эч качан реалдуу абалды чагылдыра албайт. Реалдуу абалды чагылдыра турган жыйынтык чыгуу үчүн карапайым жарандардан сураш керек. Соттук иштерге кандайдыр бир деңгээлде катыштыгы бар эл ичиндеги адамдар бул суроого негиздүү жооп айта алышат. Чындыкты айта турган – бул карапайым эл. Кээде соттук иштерге катышкан эки тараптын бири жоопкер тарап, бири доогер тарап карама-каршы жооп айтышы мүмкүн, бирок бардык иштерде эмес. Мыйзамда каралган объективдүү иштерде эки тарап тең эле макул болот. Саясий боёгу бар иштерде соттолуучулар, доогер болгон мамлекет жана жалпы коомчулук да нааразы болгон учурлар кездешет. Бирок мунун баарына карапайым калк туура жооп айта алат.

Соттордун учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу айтсам, менин сот системинен алыстаганыма 10 жыл болду. “Ар ким өз заманын мактайт” дегендей болбоюн. Бирок биздин учурда сотторго басым жасаган азыркыдай көрүнүштөргө жол берчү эмеспиз. Биздин убакта азыркыдай, өзгөчө Атамбаевдин учурундагыдай президенттик администрациядан, өкмөттөн же Жогорку Кеңештен кимдир бирөөнүн кийлигишүүсүнө жол бербейт элек. Мен баарын темирдей кармап турчумун. Барган сайын соттук иштер аябай саясатташып кетти”, - деди Осмонов.

Жогорку Кеңештин дептутаты Иса Өмүркулов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юристтер Канат Хасанов, Шарабидин Токтосунов, Нурбек Токтакуновдун пикирилери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан