Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова: "Менин оюмча, сотторго ишенимдин деңгээли 5 пайыздан ашпайт"

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызмат мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу кечээ, 20-сентябрда маалымат жыйын берди. Анда Жогорку Сот менен эл аралык уюмдар жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 1044 жарандын 73 пайызы "сотторго ишенебиз" деп жооп бергенин айтты. Токбаеванын билдиришинче, бул пилоттук негизде Бишкек шаарын гана камтыган сурамжылоо. Ал бул көрсөткүч жалпы элдин сотторго болгон көз карашы эместигин белгилеп өттү.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Соттун төрайымы элдин 73 пайызы сотторго ишенет дейт. Сиз кандай ойдосуз?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.

Анын айтымында, сотторго ишенүү боюнча сурамжылоону соттор өздөрү өткөргөнү үчүн 73 пайыз эл ишенет деп жыйынтык чыккан.

“Соттор сурамжылоону өздөрү өткөрсө жыйынтыгы ошондой болот да. Сотко адилеттүүлүк издеп келген адамдардан “сотко ишенесизби?” деп сурап жатышат. Алар эмне деп жооп бермек эле? Албетте, алар “ишенем” деп жооп беришет. Менин оюмча, сотторго ишенимдин деңгээли 5 пайыздан ашпайт болуш керек. Соттор күнүнө канча чечим чыгарып жатат, канчасы адилеттүү, канчасы адилетсиз экенине баа берүү кыйын. Бирок Жогорку Соттун өзүнүн эле ишмердүүлүгүн карап көрө турган болсок, төмөнкү инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарган иштер көп. Жогорку Соттун төрайымы ушул боюнча айтып берсе болмок”, - деди Сооронкулова.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, юристтер Канат Хасанов, Шарабидин Токтосунов, Нурбек Токтакуновдун пикирилери төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан