Юрист Шарабидин Токтосунов: “Жаңы президент келгенде соттор өзгөрө баштагандай сезилген, бирок азыр баягы эле калыбына түшүп калды”

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызмат мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу кечээ, 20-сентябрда маалымат жыйын берди. Анда Жогорку Сот менен эл аралык уюмдар жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 1044 жарандын 73 пайызы "сотторго ишенебиз" деп жооп бергенин айтты. Токбаеванын билдиришинче, бул пилоттук негизде Бишкек шаарын гана камтыган сурамжылоо. Ал бул көрсөткүч жалпы элдин сотторго болгон көз карашы эместигин белгилеп өттү.

Буга байланыштуу SUPER.KGпорталынын "Жогорку Соттун төрайымы элдин 73 пайызы сотторго ишенет дейт. Сиз кандай ойдосуз?" деген соболуна юрист Шарабидин Токтосунов жооп берди.

Токтосунов Жогорку Соттун төрайымы айткан элдин 73 пайызы сотко ишенет деген жомок экенин билдирди.

“Жогорку Соттун төрайымы айткан статистика жомок десем болот. Ал "сотко катышкандардын, иши түшкөндөрдүн бардыгынан сураганыбызда ушундай жыйынтык чыкты" деп айтып жатат. Бул сөздүн баары жалган. Бүгүнкү күндө сотторго эч ким ишенбей калган. Эмне үчүн ошол сурамжылоо кылгандар бизден сурабайт? Бизге окшоп сотко катышып, сот ишин көрүп жаткан адамдардан сурашы керек. Саясий иштер боюнча деле баары көрүп турат. Эч бир күнөөсү жок адамдар камалып, күнөөсүз экенине далил келтиргенибизге карабай соттолууда. Ошондуктан Жогорку Соттун төрайымы айткан маалымат туура эмес.

Президент сот реформасы жөнүндө бир нече жолу айтты. Бирок бүгүнкү күндө сотторго шайланып жаткан адамдарды көрүп туруп сот реформасы болбой жатканын көрүүгө болот. Соттор баягы эле калыбында иштөөдө. Ошол эле чечимдер. Жаңы президент келгенде соттор өзгөрө баштагандай сезилген, бирок азыр баягы эле калыбына түшүп калды”, - деди Токтосунов.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юристтер Канат Хасанов, Нурбек Токтакуновдун пикирилери төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан