Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызмат мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу кечээ, 20-сентябрда маалымат жыйын берди. Анда Жогорку Сот менен эл аралык уюмдар жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 1044 жарандын 73 пайызы "сотторго ишенебиз" деп жооп бергенин айтты. Токбаеванын билдиришинче, бул пилоттук негизде Бишкек шаарын гана камтыган сурамжылоо. Ал бул көрсөткүч жалпы элдин сотторго болгон көз карашы эместигин белгилеп өттү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Соттун төрайымы элдин 73 пайызы сотторго ишенет дейт. Сиз кандай ойдосуз?" деген соболуна адвокат Нурбек Токтакунов жооп берди.
Ал Жогорку Соттун төрайымы айтып жаткан пикир чындыкка дал келбей турганын билдирип, сурамжылоо бир тараптуу жүргүзүлгөнүн айтты.
“Бул жыйынтык туура эмес. Жогорку Сот уялып, жок дегенде 40 пайыз деп айтса болмок. Негизи элдин сотторго болгон ишеними 40 пайызга да жетпейт. Сотторго иши түшпөгөндөр же алар менен жолукпагандар бул суроого так жооп бере алышпайт. Ал эми соттук процесстерге катышкан адамдар бул пикирге ишенбейт. Булар сурамжылоону өздөрү үчүн соттук иштер жүрүп жаткан адамдардын экинчи тарабынан сурашкандай. Соттон чыккан адамдар эки башка пикирде, бир тарабы ыраазы, бир тарабы чечимге канааттанбай чыгышат. Негизи сурамжылоону жүргүзүп жатканда анын жол-жобосун ийне-жибине чейин түшүндүрүп бериш керек. Алар болгону 1044 кишиден сураптыр.
Негизи адамдарды сурап жатканда катышуучуларды тандап, суроолордун мазмунун эске алуу керек. Негизи сотторго байланыштуу сурамжылоону шашпай толтуруу үчүн жарым саат кетет. Булардын сурамжылоосуна жооп берген адамдардын ким экендиги да шек жаратат. Балким, алар өздөрү эле толтуруп коюшу мүмкүн. Аны ким билет? Ошондуктан ал анкеталарды ким толтуруп, бул ишти ким жүргүзүп жатканы да ачык болсо болмок. Керек болсо элдин алдына чыгып сурамжылоонун шарттарын, баарын түшүндүрүп айтып берүү керек. Булар ар кандай долбоорлор менен иштеген Жогорку Соттун эле кызматкерлери да. Сурамжылоону өздөрү жүргүзүп, элге жакшы көрүнөлү деп элге жар салгандары туура эмес. Мындай сурамжылоолор көз карандысыз уюмдар аркылуу жүргүзүлсө чындыкка жакын болмок. Көчөгө чыгып, соттук иштерге катышып жүргөн элден пикир алсаң алар башка жоопту айтышат”, - деди Токтакунов.
Жогорку Кеңештин дептутаты Иса Өмүркулов, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юристтер Канат Хасанов, Шарабидин Токтосунов, пикирилери бул шилтемеде.