Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Соттун төрайымы болуп Гүлбара Калиева шайланды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган мекеменин маалымат катчысы Сюита Соурбаева кабарлады. Жабык эшик артында өткөн добуш берүүгө Жогорку Соттун жалпы 33 судьясы катышып, Калиеванын талапкерлигин баары бир добуштан колдоп беришти.
"Бүгүнкү жалпы судьялардын жыйынында жаңы төрайым шайланды. Жалгыз талапкер болуп чыгып, судьялардын баары бир добуштан колдоп беришти", - деди Соурбаева.
Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева "Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө" мыйзамына ылайык, үч жылдык мөөнөтү аяктап, кызматынан 21-сентябрда кеткен. Токбаева бул кызматка 2015-жылдын 22-сентябрында келген.
Гүлбара Калиева учурда 59 жашта. Ал 1959-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында төрөлгөн. 1981-жылы Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетин аяктап, укук таануу адистигине ээ болгон.
1981-1986-жылдары Аламүдүн районунун прокуратурасында стажёр, прокурордун жардамчысы;
1986-1994-жылдары Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья, төраганын орун басары;
1994-1999-жылдары Бишкек шаардык сотунда судья;
1999-2001-жылдары Чүй облусунун Панфилов райондук сотунда төрайым;
2001-2004-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда төрайым;
2004-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда башкармалыктын башчысы;
2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында юрист, юридикалык бөлүмдүн башчысы, аппарат жетекчиси;
01.2007-03.2007-жылы Жогорку Кеӊештин вице-спикеринин жардамчысы;
03.2007-08.2007-жылы өкмөттүн укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы;
2008-2012-жылдары Жогорку Соттун аппарат жетекчисинин орун басары;
2012-2015-жылдары Жогорку Соттун судьясы, төраганын орун басары;
2015-жылдан тартып Жогорку Соттун судьясы болуп иштеп келген.