Жандуу үн менен шаар тургундарынын маанайын көтөргөн "Музыкалуу Эркиндик" кечеси болуп өттү

Бишкекте жандуу үн менен тургундардын маанайын көтөргөн "Музыкалуу Эркиндик" кечеси болуп өттү. Эркиндик бульварынын Чүй кең көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки аймагында 50дөй музыкант жандуу ыр менен ар түркүн элдердин чыгармаларын аткарышты.

Уюштуруучулардын айтымында, "Музыкалуу Эркиндик" кечеси 2016-жылдан бери уюштурулуп келе жатат. Буга чейин 10дон ашык жандуу музыка кечеси өткөрүлүп, мындан ары да мезгил-мезгили менен улантылат. Максаты - шаардын тургундарына жана конокторуна жагымдуу маанай тартуулоо, искусствонун жардамы менен коомго позитивдүү таасир калтыруу.

Аткарылган ар бир номер көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, кол чабуулар менен коштолуп турду. Айрым тургундар кошулуп ырдап, бийлегенге да жетишти.

"Музыкалык эркиндик" кечеси
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erlan2196
2018-09-22 22:11:09
Туура. Коомдо искустванын мааниси абдан чон. Искуствого жаштарды кобуроо кызыктырып, тартуу керек. Азыр мечиттерге эмес, театрларга кобууроок барса тарбиялык маанси зор. Искуство адамды туура тарбиялайт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан