Болот Жунусов өкмөттүк аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп Болот Жунусов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Болот Жунусов 1973-жылы 23-августта төрөлгөн.
Билими:
Бишкек шаарындагы №9-орто мектепти аяктап Кыргыз улуттук университетинен билим алып, "Тарыхчы, тарых жана коомдук дисциплина боюнча окутуучу" кесибине ээ болгон.
1998-жылы Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы дипломатиялык академияны аяктаган.
2001-жылы аталган академиянын "Дүйнөлүк экономика" адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Экономика илимдеринин кандидаты.
Эмгек жолу:
1995-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги Дипломатиялык тейлөө башкармалыгында референт,
1996-1996-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү департаментинде атташе,
1998-2002-жылдары Кыргыздын Орусиядагы элчилигинин 3-катчысы,
2002-жылы ТИМдин Чыгыш өлкөлөрү департаментинин 1-катчысы,
2002-2003-жылдары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун басма сөз жана маалымат кызматы боюнча кызматкер,
2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жардамчысы,
2006-2007-жылдары өкмөттүк аппараттын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы,
2007-2009-жылдары бизнес тармагында иштеген.
2009-2012-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары,
2012-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу,
2012-жылдын 5-апрелинен бери Кыргыздын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.
Үй-бүлөлүү.