ЖЫЛНААМА, 23-СЕНТЯБРЬ: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү

Бүгүн, 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 29 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз тили мамлекеттик тил деген макамга ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөдө тил майрамы катары белгиленип келет.

Совет мамлекети ураардын акыркы жылдары союздук республикаларда улуттук сезим күч алып, тарых, маданият жана тил маселесине айрыкча көңүл бурула баштаган. Кыргыз өлкөсү да бул ургаалдан сыртта калбай, өлкөдө демократиялык көз караш кеңири тараган. Улуттук интеллигенция тил маселесин көтөрүп, борбор шаардагы мектептерде, мамлекеттик мекемелерде кыргыз тили таптакыр колдонуудан калгандыгын жар салышкан.
Улуттук интеллигенциянын сүрөөнү менен көтөрүлгөн маселе коомчулуктун көйгөйүнө айланып, акыры Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oscar
2018-09-23 15:22:42
Жылына бир жолу эле эстемей, болду кийинки жылга чейин кайра унутулат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан